Кыргызстанда эң узак иштеген директор кызматта 41 жыл отурган

Мектепте 41 жыл директор болуп иштегендер бар. Бул тууралуу маалымат жыйында билим берүү жана илим министринин орун басары Уланбек Мамбетакунов билдирди.

«Биз баарын анализдегенбиз. Азыркы учурда аймактар боюнча тизме да бар. Бирок ар бир облус, райондо ошондой жетекчилер бар.  Эң максималдуу 41 жыл иштегендер бар»,— деди ал.

Ал ошондой эле быйыл 966 мектептин директорлугуна сынак жарыяланарын, 1211 директордун мөөнөтү жете электигин билдирди.