Кыргызстанда жайыттарга мал жаюуга чектөө киргизилет

Кыргызстанда жайыттарга мал жаюуга чектөө киргизилет. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, жайыттар интенсивдүү пайдаланылып жаткандыгына байланыштуу кунарсыздыка учуроодо. «Ушул маселени чечүүнү көздөп, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жергиликтүү мамлекеттик органдарга жакынкы жайыт жерлерине мал жаюга чектөө киргизүүнү сунуштады. Бул өз кезегинде жайыттарды жакшыртууга жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга түрткү берет», — деп айтылат маалыматта.

Чектөө кийинки жылдын 15-апрелинде башталып, 2027-жылга чейин киргизилет.