Кыргызстанда жакынкы 14 күндө коронавируска чалдыккандар көбөйөт

Кыргызстанда жакынкы 14 күндө коронавируска чалдыккандар көбөйөт. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде Вирустук инфекцияларды көзөмөлдөө боюнча республикалык илимий-практикалык борбордун жетекчиси Зуридин Нурматов билдирди. Анын айтымында, бул көрсөткүч азыркыга караганда 8-9 эсе көп болушу мүмкүн.

“Биринчи пандемия учурунда 2020-жылы апрель-майда карантин киргиздик, оору жугузгандар кескин азайган. Математикалык ыкма боюнча ошол учурда майда күнүнө 4 миңден 16 миңге чейин оору аныкталышы мүмкүн деген божомол болгон. Ошентип, карантин өз натыйжасын көрсөттү. Андан кийин жай бою эл иш-чараларды өткөрбөй, бет кап тагынып, колун жууп, санитардык нормаларды сактап жатып оору азайган. Азыр биз жарандар санитардык нормаларды сактоону унутуп калышканын байкап жатабыз”, — деди Нурматов.

Нурматов жарандарды санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди – колду жууп туруу, бет кап тагынуу, коомдук иш-чараларга катышпоо, аралыкты сактоого жана эмдөөдөн өтүүгө чакырды.