Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо өтүп жатат

Бүгүн, 17-ноябрда саат 08:00дө Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин – айылдык жана шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоо башталды.

Административдик-аймактык реформанын натыйжасында түзүлгөн 264 жергиликтүү кеңешке, анын ичинде 33 шаардык жана 231 айылдык кеңештерге депутаттар шайланат.

Шаардык кеңештердин депутаттары (993 мандат) партиялык тизме боюнча пропорционалдык система боюнча, айылдык кеңештердин депутаттары (5391 мандат) бир мандаттуу округдар боюнча мажоритардык система боюнча шайланат. Депутаттык мандаттын 30 пайызы кыз-келиндерге берилет. 

Шайлоо саат 20:00дө жыйынтыкталат.