Кыргызстанда жума сайын сасык тумоого 12 миңден ашуун адам чалдыкканы катталып жатат

Бул эпидемиялык сезондо расмий статистикага ылайык, жума сайын 12 миңден ашык адамдан сасык тумоо оорусу катталып жатат. Бул тууралуу эпидемиологиялык бөлүмүнүн башчысы Динара Оторбаева маалымат жыйында билдирди. 

Анын айтымында, оору былтыркыга салыштырмалуу 5,7 эсеге көп. Ал чектөөчү антиоксидант чараларынан улам өткөн жылы оорунун деңгээли төмөн болгонун түшүндүрдү. Ал эми сасык тумоонун вирусу акыркы эпидемиялык сезондо такыр аныкталган эмес.

«Узак мөөнөттүү байкоолорго ылайык, республикада сасык тумоонун эпидемиялык мезгили ноябрь айынын аягында – декабрь айларында башталган. Быйыл анын башталышы сентябрь айынын аягында байкалууда. Бишкек, Ош жана Токмак шаарларынан тандалып алынган бейтаптардан лабораториялык изилдөөлөрдү, анализдерди жүргүзүүдө сасык тумоонун эпидемиялык мезгили А гриппинин H3N2 түрүнө байланыштуу экени аныкталган», — деди ал.