Кыргызстанда коронавирусту дарылоо үчүн дары-дармектердин үч айга чейин жетиштүү запасы бар

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда коронавирусту дарылоо үчүн дары-дармектин үч айга чейин жетиштүү запасы бар. Бул тууралуу бүгүн, 16-июлда ММК фондунун төрагасынын биринчи орун басары Клара Өскөмбаева билдирди.

«Азыркы тапта COVID-19ду дарылоо “Коронавирус инфекциясын диагностикалоо жана дарылоо боюнча клиникалык колдонмонун” бешинчи версиясы менен жүргүзүлүп жатат, анын негизинде саламаттык сактоо мекемелеринде дары-дармек каражаттарынын 52 аталышы катталган. Ошол эле убакта, улуу муундагы адамдардын вируска көп кабылып жаткандыгына жана өнөкөт оорулардын болушу оорунун жүрүшүн күчөтүп жаткандыгына байланыштуу, мекемелерде дары-дармектердин тизмеси 95 аталышка чейин толукталган”, — деди ал.

Маалыматка караганда, дары-дармек каражаттарынын запасы июнь айынын аягына карата 317,7 миллион сомду түзгөн. Анын ичинде антиакоагулянттар, антиагреганттар, дене табын түшүрүүчү каражаттар, антибактериалдык препараттар, жөтөлгө каршы дарылар жана муколитикалык препараттар, дары-дармектер, тромболитиктер/фибринолитиктер, гормоналдык жана иммунологиялык препараттар, эритмелер жана башкалар бар.