Кыргызстанда коронавирустун индиялык штаммы катталган эмеспи?

COVID-19дун индиялык штаммы Кыргызстанда катталган эмес. Бул тууралуу «Профилактикалык медицина» илимий-өндүрүштүк бирикмесинин директору Омор Касымов COVID-19 менен күрөшүү боюнча Республикалык штабдын пресс-борборунда болуп өткөн брифингдин жүрүшүндө дүйнөдөгү COVID-19 боюнча абал жана вирустун жаңы штаммдары жөнүндө айтып берип жатып билдирди.

Ал өз сөзүндө, адамзат эки жылдан бери SARS-CoV-2 коронавирусунун жаңы инфекциясынан жана ага өбөлгө болгон буга чейин этибар алынбаган вирустук дүйнөнүн белгилери болгон: SARS-атипикалык пневмония жана MERS-CoV инфекцияларынан улам келип чыккан пандемия шартында жашап келе жаткандыгын белгиледи.

Бүгүнкү күндө дүйнөдө COVID-19 жуктуруп алгандардын саны күн сайын болжол менен 300-400 миңге көбөйүп, саны 185 миллиондон ашык адамга жетти. Ошол эле учурда Кыргызстанда оорулардын жалпы саны 140 миңге жакындап, күн сайын 1200-1500гө көбөйүп жатат.