Кыргызстанда кыздар 20-29 жашта үй-бүлө курууга басым жасары маалым болду

Жыл сайын республикада 8-мартта Аялдардын эл аралык күнү белгиленет. Бул майрам 1975-жылы БУУнун чечими менен расмий макамга ээ болгон жана ошол күндөн тартып, БУУ тарабынан Аялдардын укуктары жана эл аралык тынчтык үчүн күрөшүүнүн эл аралык күнү катары белгиленип келе жатат. Улуттук статистикалык комитет тараткан кызыктуу фактылар менен бөлүшөбүз.

Аялдардын орточо жаш курагы (29 жаш) эркектерге караганда бир аз жогору (27 жаш). Ошону менен бирге аялдар эркектерге караганда узак жашашат. Аялдардын жашоо узактыгы 2021-жылы 76 жашты, ал эми эркектерде 68 жашты түзгөн. Учурда 60 жашта болгон аялдар дагы 21 жыл жашоо ыктымалдуулугуна ээ, ошол эле убакта эркектердеги бул көрсөткүч болгону 15 жыл. Жашоо узактыгынын ортосундагы ажырым аялдар менен эркектердин өлүм деңгээлиндеги айырмачылыктар менен байланышкан: эркектердин өлүмү аялдардын өлүмүнө караганда 1,6-1,7 эсеге жогору.

Республиканын калкынын жаш курактык курамы никеге туруунун жогорку жыштыгын көрсөтөт. 2021-жылы 51 миңге жакын аял никеге турган, алардын 93 пайызы биринчи жолу никеге тургандар. Аялдар 20-29 жашта үй-бүлө курууга басым жасашат.

Никеге турган ар бир экинчи аял 20-24 жашта, ар бир бешинчи аял – 17-19 жашта же 25-29 жашта болгон. Аялдардын биринчи жолу никеге туруусунун орточо жаш курагы 24 жашты, ал эми кайрадан никеге тургандардын жаш курагы 35 жашты түзгөн.