Өлкө боюнча кутурма оорусуна каршы малга вакцина сайылып, ал эми эхинококкозго каршы ит-мышыкка дары берилип жатат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Анын максаты өлкөдөгү эпизоотиялык абалды туруктуу кармоо жана жаныбарлардын жугуштуу ылаңын алдын алуу болуп саналат. Мал-жандыкты эмдөө жылына республикалык бюджеттен 9 ооруга каршы сатып алынат. Алар: кутурма, шарп, бруцеллёз, сибирь жарасы, эхинококкоз, кой-эчкилердин кыргыны, күл, жылкынын маңка (сап) оорусу, туберкулин (ири мүйүздүү жана канаттуулар арасында).