Шейшемби, 31.03.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КООМ

Маркумду узатуу, үйлөнүү той, кыз узатуу, ажы, умра зыяраттары… Ысырапкорчулукту чектеген мыйзам долбоору иштелип чыкты

17:00 27.01.2025
1
Маркумду узатуу, үйлөнүү той, кыз узатуу, ажы, умра зыяраттары… Ысырапкорчулукту чектеген мыйзам долбоору иштелип чыкты

Маркумду узатуу, үйлөнүү той, кыз узатуу, ажыга, умра зыяраттарына узатуу жана тосуп алууларга чектөө киргизүү боюнча мыйзам долбоору иштелип чыкты. Коомдук талкууга коюлган «Кыргызстандагы каада-салттарды, салтанаттарды жана үрп-адаттарды өткөрүүдө ысырапкорчулукка чек коюу жөнүндө» мыйзамдын демилгечилери депутаттар Замирбек Мамасадыков жана Шайырбек Ташиев.

Мыйзам долбооруна ылайык, маркумду узатууда «үчүлүк», «жетилик», «кыркы», «жылдык» өткөрүүгө тыюу салынат. Үлпөт той жана кыз узатууда катышуучулардын санын чектөө менен андагы «кийит кийгизүү», «себет берүү», «конок берүү», «түштөнүү» сыяктууларга тыюу салынат. Ага моюн сунбагандарга айып пул салуу каралган.

Долбоордун негизги максаты жарандардын социалдык, экономикалык кызыкчылыктарын коргоо, алардын экономикалык абалына, үй-бүлөлүк каржысына жана жашоо турмушунун моралдык негиздерине олуттуу зыян келтирип жаткан салтанаттарды чектөө болуп саналат. Мыйзам негизинен үч бөлүмдөн турат. Алар: Маркумду узатуу; «Үйлөнүү той», «Кыз узатуу» тойлорундагы ысырапкорчулукту чектөө; Ажыга, Умра зыяраттарына узатуу жана тосуп алууларга чектөө киргизүү болуп саналат.

Маркумду узатуу боюнча:

— Ага катышуучулардын саны чектелбестен майда жандык, жылкы, бодо мал союлбастан өткөрүлөт;

— Үч күн өткөн соң маркумду эскерүү иш-чарасы («Куран окутуу») бирден көп эмес жылкы же бодо мал союу менен өткөрүлүүсү мүмкүн;

— Маркум дүйнө салгандан кийинки «үчүлүк», «жетилик», «кыркы», «жылдык» сыяктуу жана башкаларды өткөрүүгө тыюу салынат.

Үй-бүлөлүк каада-салттар, салтанаттар жана үрп-адаттар боюнча:

— «Үйлөнүү той» салтанаты бир бодо мал же бир жылкы 250дөн ашпаган адамдардын катышуусунда өткөрүлөт;

— «Кыз узатуу» салтанаты бир бодо мал же бир жылкы сою менен 100дөн ашпаган адамдардын катышуусунда өткөрүлөт;

— Эгерде «Үйлөнүү той» салтанаты жана «Кыз узатуу» салтанаты бирге өткөрүлсө бир бодо мал же бир жылкы союу менен 350 адамдан ашпаган өткөрүүгө жол берилет;

— Жаш жубайлардын үйлөнүүгө байланышкан салтанаты үчтөн ашпаган автоунааны пайдалануу менен жүргүзүлөт;

— Жогоруда аталган каада-салттарды, салтанаттарды жана үрп-адаттарды өткөрүүдө «Кийит кийгизүү», «Себет берүү», «Конок берүү», «Түштөнүү» сыяктуу кошумча ысырапкорчулукту алып келген үрп-адаттарга тыюу салынат.

Диний ырасымдар боюнча:

— «Ажы», «Умра» зыяратына баргандарды узатуу жана тосуп алуу ырасымдары үй-бүлөлүк чөйрөдө өткөрүлүүсү мүмкүн;

— «Ажы», «Умра» зыяратына баргандарды «узатуу», «тосуп алуу» сыяктуу ысырапкорчулукка алып келген ырым-жырымдарга тыюу салынат.

Ашыкча ысырапкорчулукка жол берилип келаткан каада-салттарды, салтанаттарды жана үрп-адаттарды өткөрүүдө улуттук маданияттын нагыз баалуулуктарынан четтеп, куру-намыстын жана атаандаштыктын мамиледе киреше алуу максатына айланып калган ысырапкорчулуктарды чектөө мыйзам долбоордун максаты жана милдети болуп саналат.

Аталган мыйзамда талаптарды бузган жактарга Укук бузуулар кодексинин 138-беренесинде белгиленген тартипте жоопкерчилик чара колдонулат.

Ага ылайык:

— Той ээсине 3000 эсептик көрсөткүч;

— Салтанат өткөрүлгөн жердин ээсине 1000 эсептик көрсөткүч;

— Сөөк коюу жана аза күтүүдө уюштурууга жана өткөрүүгө жооптуу жактарга 2000 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салуу каралган.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Гүлмайрам Сабирбекова

Гүлмайрам Сабирбекова

Окшош

«Паспорт боюнча видео резонанс болуп кетти». «Кызмат» мекемесинин түшүндүрмөсү

«Паспорт боюнча видео резонанс болуп кетти». «Кызмат» мекемесинин түшүндүрмөсү

Автор СЕРЕП МЕДИА
15:57 31.03.2026
0

Соцтармак колдонуучусу Амантур Абдыкалыков Кыргыз Республикасынын жаңы жарандык паспортуна байланыштуу айрым чет өлкөлөрдө көйгөй жаралып жатканын айтып чыккан. "Жаңы паспорттун...

Бишкек мэриясы 400 автобус линияга чыкпай жатат деген маалыматты четке кагат

Бишкек мэриясы 400 автобус линияга чыкпай жатат деген маалыматты четке кагат

Автор СЕРЕП МЕДИА
13:54 31.03.2026
0

Бишкек шаарынын мэриясы «Urban Hub Bishkek» тарабынан берилген 400 автобус линияга чыкпай жатат деген маалымат чындыкка дал келбестигин белгилейт. «Бишкек...

Бишкектин мэри: «Сүрөтчүлөр үйү» мыйзамга ылайык каралганга чейин кадимки режимде иштей берет»

Бишкектин мэри: «Сүрөтчүлөр үйү» мыйзамга ылайык каралганга чейин кадимки режимде иштей берет»

Автор СЕРЕП МЕДИА
13:28 31.03.2026
0

Бишкек шаардык кеңешинин кезектеги 13-сессиясында мэр Айбек Жунушалиев коомчулуктун жана депутаттардын көптөгөн пикирлерин жана сунуштарын эске алуу менен "Сүрөтчүлөр үйү"...

Кыргыз Республикасынын Ирандагы элчилиги өз ишмердүүлүгүн убактылуу токтотот

Кыргыз Республикасынын Ирандагы элчилиги өз ишмердүүлүгүн убактылуу токтотот

Автор СЕРЕП МЕДИА
11:02 31.03.2026
0

Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын Иран Ислам Республикасындагы элчилиги өз ишмердүүлүгүн убактылуу токтотконун маалымдайт. Иран аймагында жүргөн Кыргызстандын жарандарынан жогорку...

Быйыл Төө-Ашууда 10 чакырым жыл оңдолот

Быйыл Төө-Ашууда 10 чакырым жыл оңдолот

Автор СЕРЕП МЕДИА
10:58 31.03.2026
0

2026-жылдын курулуш мезгилинде Бишкек-Ош автожолунун Тɵɵ-Ашуу ашуусунда орто оңдоо иштери жүргүзүлөт. Тактап айтканда, «Капиталдык салымдар» беренесинин алкагында 130-146-чакырымдар (10 км)...

Комментарийлер 1

  1. Мен says:
    1 год ago

    Умрага баршанга тыйуу салбай эле койсо эл кпошы эмес

    Ответить

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Бишкек мэриясы баланы белгилүү бир мектепке кабыл алуу максатында жасалма каттоого турууда жоопкерчилик бар экенин эскертет

Бишкек мэриясы баланы белгилүү бир мектепке кабыл алуу максатында жасалма каттоого турууда жоопкерчилик бар экенин эскертет

08:54 31.03.2026
«Паспорт боюнча видео резонанс болуп кетти». «Кызмат» мекемесинин түшүндүрмөсү

"Паспорт боюнча видео резонанс болуп кетти". "Кызмат" мекемесинин түшүндүрмөсү

15:57 31.03.2026
Быйыл Төө-Ашууда 10 чакырым жыл оңдолот

Быйыл Төө-Ашууда 10 чакырым жыл оңдолот

10:58 31.03.2026
«Паспорт боюнча видео резонанс болуп кетти». «Кызмат» мекемесинин түшүндүрмөсү

"Паспорт боюнча видео резонанс болуп кетти". "Кызмат" мекемесинин түшүндүрмөсү

15:57 31.03.2026
Бишкек мэриясы 400 автобус линияга чыкпай жатат деген маалыматты четке кагат

Бишкек мэриясы 400 автобус линияга чыкпай жатат деген маалыматты четке кагат

13:54 31.03.2026
Кадрдык өзгөрүүлөр: бир катар мэр жана акимдер алмашты

Кадрдык өзгөрүүлөр: бир катар мэр жана акимдер алмашты

13:39 31.03.2026

АРХИВ

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
« Фев    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (220) 88-29-29
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү