Кыргызстанда өскөн дарбыздар сатыла баштады (видео)

Кыргызстандын жергиликтүү дарбыздары бышып, базар, дүкөндөрдүн текчелерине коюла баштады. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Эң алгачкы дарбыздар Аксы районуна караштуу Кызыл-Жарда бышып, жергиликтүүлөрдү камсыздап жатат.

«Кызыл-Жардын дарбыздары шириндиги менен өзгөчөлөнүп, органикалык жол менен багылып, аны өстүрүүдө кошумча дары-дармектер колдонулбайт»,- деп айтылат маалыматта.