Кыргызстандагы аялдар менен эркектер убактысын эмне менен алектенүүгө коротушат? Изилдөө

Улуттук статистикалык комитет үй-бүлөнүн 12 жана андан улуу жаштагы бардык мүчөлөрүнүн өткөн суткаларда убакыттын суткалык фондун колдонуу жөнүндө сурамжылоо жолу менен алынган 1649 үй чарбасынын тандалма сурамжылоосунун жыйынтыктарын жалпылады.

Мында калк өз убактысын кантип бөлүштүргөнү жөнүндө түшүнүк берет жана республиканын аймактары боюнча эркектердин менен аялдардын ишмердигинде гендердик айырмачылыктарды талдоого мүмкүндүк берет.

Убакытынын 48 пайыздан ашыгын 12 жаштан жогорку калк уктоого, жеке өзүнө кам көрүүгө, өзүн өзү кароого, үйдө жана үйдөн тышкары тамактанууга, мончолорго, чач тарачтарга, клиникаларга жана башка муктаждыктарга байланыштуу физиологиялык муктаждыктарын канааттандыруу үчүн жумшашары аныкталган. 16 пайыздан көбү бош убактысына жана 14 пайыздан ашыгы жумуш убактысына жана жумуш менен байланышкан убакытка калтырылат. Үй чарбасын жүргүзүүгө бир суткада орточо алганда убакыттын суткалык фондунун 12 пайызга жакыны жумшалат.

Эркектер менен аялдардын убакытынын суткалык фондун бөлүштүрүлүшүндө ачык айырмачылыктар бар. 12 жана андан улуу жаштагы эркектер убакытынын суткалык фондунун 19 пайызын жумушка жана жумушка байланышкан убакытка жумшашат, бул аялдарга караганда 2 саатка көп. Ошол эле учурда, аялдардын 21 пайызга жакын убактысы үй чарбасын жүргүзүүгө жана балдарды тарбиялоого жумшалат, бул эркектерге караганда дээрлик 4 саатка көп. Аялдардын бош убактысы эркектердикине караганда толук бир саатка аз. Калктын убактысынын 48 пайыздан ашыгы уктоого жана өзүнө кам көрүүгө жумшалат жана бул шаарда жана айылда жашаган эркектер үчүн да, аялдар үчүн да болжол менен бирдей убакыт.