«Кыргызстандагы жай керемет». Валентина Шевченко Кыргызстандын жаратылышына суктанып бүтпөгөнүн билдирди (видео)

Учурда Кыргызстанда жүргөн UFC чемпиону Валентина Шевченко Кыргызстандын кооз тоолорунда ат чаап жүргөн видеосун социалдык баракчасына бөлүштү. «Кыргызстандагы жай мезгили керемет. Жаратылыш коюнунда үй-бүлөң менен ат чаап жүргөндөн артык нерсе барбы? Жай мезгили, тоонун тиш какшаткан суусу — экөө укмуш айкалышат. Мен көчмөн элимдин салтын улантып жатам», — деген Шевченко.