Кыргызстандан Түштүк Кореяга аялдардын кийимдери импорттолуп жатат

Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы элчиси Динара Кемелова “HESED” компаниясынын башчысы Мун Кён Ми жана “NAG GROUP” компаниясынын жетекчиси Гүлшайыр Надырбекова менен жолугушту. Анда Мун Кён Ми быйылкы жылы Кыргызстандан Түштүк Кореяга аялдардын кийимдери импорттолуп жаткандыгын айтып, тигүү өндүрүшү жаатындагы кыргызстандык адистердин квалификациясын жогору баалаган. Ошол эле учурда ал кореялык керектөөчүлөрдүн кыргыз продукцияларына кызыгуусун баса белгилеп, Корея базарына импорттун көлөмүн көбөйтүү пландарын билдирди.

Өз кезегинде элчи Динара Кемелова Кыргызстандагы текстиль тармагы акыркы жылдары динамикалуу өнүгүп келе жаткандыгын билдирген. «Биздин ишканалар өз продукцияларын коңшу мамлекеттерге гана эмес, ЕАЭБ жана Европа Биримдигинин базарларына да экспорттоп турушат. Элчи Кыргыз Республикасындагы инвестициялык климат, айрыкча бул тармактагы инвестициялар жөнүндө маалымат берди. Тараптар текстиль тармагында жигердүү кызматташууну улантууга макулдашышты», — деп айтылат маалыматта.