Түркия мамлекетиндеги жер титирөөнүн очогу – Кахраманмараш жана Хатай шаарларындагы издөө-куткаруу иштерин аткарып жатышкан Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулар тобу эртең, 21-февралда Бишкекке кайтышат. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, алар Бишкек убактысы боюнча түнкү саат 02:30да жана таңкы 09:00дө “Манас” эл аралык аэропортуна конушат.