Кыргыз куткаруучулары Түркияда 28 адамдын сөөгүн алып чыгышты (видео)
Бүгүн, 10-февралда саат 00:00гө карата (Түркияда 21:00) кыргызстандык куткаруучулар Түркияда 28 адамдын сөөгүн алып чыгышты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
"28 адамдын жансыз денеси кыргыз куткаруучулардын жардамы менен табылды. Издөө, куткаруу 3 нөөмөттө жүрүп жатат. Азыр эле түнкү нөөмөттөгүлөр ишке киришти", - деди куткаруучулар тобунун башчысы Ырысбек Жолдошбаев.