Кыргызстандык кыз дүйнөлүк чемпиондукка лицензия жеңип алган, бирок барууга каражаты жок болууда

Кыргызстандык спортчу Айгүл Абдылдаева Кореяда өтүүчү дүйнөлүк чемпиондукка лицензия жеңип алган, бирок ал жакка барууга анын каражаты жок болуп жатат. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине өзү билдирди.

«Мен 17 жаштамын. 24-апрелде Казакстанга барып, таэквондо боюнча Кореяда өтүүчү дүйнөлүк чемпиондукка лицензия жеңип алгам. Ал жакка барып-келгеним 2 миң доллар болот экен. Учурда акча чогула элек. Спорт комитеттери тарабынан 5 миң сом эле берилип, андан көп бере алышпайт экен. Чемпиондук 29-октябрда өтөт», — деди ал.

Жардам берүүнү каалагандар үчүн байланыш номуру: 0 507 579 117