Кыргызстандык Нумонжон Саматов Казакстанда адашып кеткен. Элчилик анын карындаштарын тапты

Кыргызстандын Казакстандагы элчилиги кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен биргеликте 1961-жылы туулган Нумонжон Саматовдун жайгашкан жерин аныктаган.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, ал убактылуу турак-жай менен камсыздалган. Кыргызстандын элчилиги анын Орусиянын Ивантеевка шаарында жашаган карындаштарын табышкан. Маалым болгондой, Саматов Казакстанда 2006-жылдан бери болуп, коомдук тамактануу тармагында ашпозчу болуп иштеген. Анын өздүгүн тастыктаган эч кандай документтери жок.

«Документтердин жоктугуна байланыштуу министрлик менен элчилик учурда бул адамдын Кыргызстандын жараны экенин тактоого жана мекенине кайтып келүүсү боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүүдө», — деп айтылат маалыматта. Министрлик бул маселе өзгөчө көзөмөлгө алынганын кошумчалады.

Кыргызстандык Саматов Нурлан аттуу мырзанын жакындарын издөө үчүн кайрылган видеосу социалдык тармактарга тараган. «Мен Кыргызстандын Жалал-Абад шаарынан болом. 1961-жылы туулгам. Эки карындашым, иним Москвада жашашат. Мен бул жакта (Нур-Султан шаарында) адашып калдым», — деген ал. Ошондой эле ал жол кырсыгына кабылып, операция болуп, эми гана ооруканадан чыгарылганын кошумчалаган.