Кыргызстандык спортчу 4 жүк ташуучу вагонду жүгү менен 8 метрге сүйрөдү (сүрөт)

Спортчу Алексей Тепляшин 4 жүк ташуучу вагонду жылдырды. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолунан» билдиришти.

Спортчу темир жол вагонун ордунан жылдыруу боюнча Кыргызстандын рекордун койду. Иш-чара 22-апрель күнү өткөн. Ал жонуна илинген кайыш кур менен чиркештирилген 4 даана вагонду жана кошумча салынган жүктү дээрлик 8 метр аралыкка чейин жылдырган. Ал эми жүктүн жалпы салмагы 100 тонна 150 килограммды түзгөн.

Алексей Тепляшин бул сынакка жарым жылдан ашуун даярданып, 40 жашка чыккан туулган күнүндө максатын ишке ашырды. Темир жол вагонун ордунан жылдыруу боюнча жаңы коюлган рекордду ал Кыргызстандын жалпы элине арнай турганын билдирди.