Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Эрдоганга аргымак тартууланды (видео)

Кечээ, 29-сентябрда кыргызстандык Нурмухамед Миңбаев Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоганга аргымак белек кылды.

Ал белекти 29-сентябрдан 2-октябрга чейин Түркиянын Изник ​​шаарында өтүп жаткан IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземинин алкагында тапшырган. Миңбаев коомдук кайрымдуулук фондуна төрагалык кылат.