Кыргыз жарандары АКШ визасын алуу үчүн 658 күн кезек күтүшү керекпи?

АКШнын Кыргыз өлкөсүндөгү элчилиги конок визасын эң көп күткөн дүйнөдөгү 20 элчилигинин тизмесине кирди. Бул 658 күндү түзөт. Бишкек тизмеде 13-орунда турат.

Бул тууралуу Bloomberg башка шаарлардын статистикасын тиркеп, макаласында жазды.