Кыргызстандыктар апрелде бир күн кошумча эс алат

Апрель айында кыргызстандыктарда кошумча дем алыш күн болот. Бул тууралуу Социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Апрель революциясы күнү шаршембиге туш келгендиктен, ал жылдырылбайт, андыктан 7-апрель эс алуу күнү болот. Апрелде башка майрамдык күндөр жок. Ушуну менен беш күн иштегендер бир айда тогуз жолу эс алат.

Ошондой эле 2021-жылдын апрелинде Орозо айы башталат. Алдын ала алынган маалыматтарга караганда, ал 13- же 14-апрелде башталышы ыктымал. Бирок ал күн кадимки жумуш күн болот. Май айындагы Орозо айы бүткөн күн дем алыш күн болот.