Кыргызстандыктар июль айында кошумча бир күн эс алышат

Кыргызстандыктар июль айында кошумча бир күн эс алышат. 20 же 21-июль күнү — Курман айт майрамы белгиленет. Бул тууралуу Мусулмандардын дин башкармалыгынан билдиришти.

Муфтият майрамдын так күнүн кийинчерээк жарыялайт.

Курман айт орозо бүткөндөн кийин жетимишинчи күнгө туш келет. Бул күнү мусулмандар үй жаныбарын курмандыкка чалып, эттин көпчүлүгүн жакырларга таратышы керек. Ырымды аткаруу менен момун үй-бүлөсүнүн бакубат жашоосун камсыз кылат деп ишенишет.