Кыргыз жарандары Жаңы жылга карата 3 күн эс алышат

Кыргыз жарандары Жаңы жылга карата 3 күн эс алышат. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка караганда, 1-январь жума күнү — майрамдык эс алуу күн. Ал эми 2-3-январь ишемби жана жекшемби күндөрүнө туура келет.

4-январдан 6-январга чейин кайра иш күндөрү. 7-январь, бейшемби эс алуу күнү. Кайра 8-январь иш күнү болуп саналат.