Кыргыз жарандарынын Казакстандын чек арасы аркылуу өтүүсү жеңилдетилди

Президент Садыр Жапаровдун Казакстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында, Казакстандын чек арасы аркылуу жарандардын өткөрүү мүмкүнчүлүгү жогорулады. Бул тууралуу тышкы иштер министри Руслан Казакбаев билдирди.

Анын айтымында, макулдашуулардын натыйжасында жеңил унаалардын Казакстан аркылуу Орусия жана Кытайга өтүүсү жеңилдейт.

«Биз бул маселени Орусияга болгон иш сапарыбызда көтөрдүк. Аба каттамы чектелген. Эми Кыргыз жарандары белгилүү бир максаттар үчүн Казакстанга эч тоскоолдуксуз кире алышат. Жакынкы аралыкта темир жол транспорту маселеси дагы чечилет», — деди Казакбаев.

Министрдин айтымында, кыргыз-казак чек арасында 4 өткөрүү пункту иштеп жатат, 3 өткөрүү пункту оңдоо үчүн жабык.

«Март-апрель айларында оңдоо-курулуш иштеринен кийин 2 өткөрүү пункту ачылат. Биз Казакстандан чек арасын ачып берүүсүн суранабыз. Биздин чек аралар санитардык нормалардын сакталышы жана ПЦРди эске алуу менен ачык», — деди Тышкы иштер министрлигинин башчысы.