Жеке ишкер Рысгүл Акимжанова социалдык тармактагы баракчасында Кыргызстандын балынын 1 килограммы Абу-Дабиде 13 миң сом турарын айтып, видео менен бөлүштү.
«Кыргызстанда 1 килограммы 400-500 сом болгон бал Абу-Дабиде 13 миң сом турат экен. Эми элестеткиле, биздин бал кандай бааланарын. Ошол жерде турган балдын эң кымбаты Кыргызстандыкы экен», — деп жазды ал.