Кыргызстандын «Air Manas» авиакомпаниясы Бишкек-Батуми-Бишкек багыты боюнча чартердик каттамда учат. Бул тууралуу Грузиянын Экономика жана туруктуу өнүгүү министри Натия Турнава билдирген.
Air Manas бүгүн, 18-июндан тарта аталган багыт боюнча учуусун баштады. Кыргызстандык авиакомпания 1-ноябрга чейин жумасына бир жолу — жекшемби күнү — каттап турат.