Кыргызстандын аскер кызматкерлеринин пенсиясы жогорулады

Кыргызстандын аскерлеринин пенсиясы 1-августтан тарта көтөрүлө баштады. Бул тууралуу Бишкекте өткөн маалымат жыйынында Коргоо министрлигинин пенсия башкармалыгынын башчысы Ханзада Осмоналиева билдирди.

«Көбөйтүлгөн пенсиянын өлчөмү эмгек стажын жана эмгек акыны эске алуу менен эсептелет. Эң аз сумма 5 миң сом болот, эң көбү 30-35 миң”, — деди ал.