Кыргыз жарандарына Орусияга кирүү эрежелери 10-июлдан тарта өзгөрөт

Кыргызстандын жарандарынын Орусияга кирүү тартиби өзгөрдү. Бул тууралуу Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришти.

Ага ылайык, 2021-жылдын 10-июлунан тартып, кыргызстандыктар жана ЕАЭБге мүчө башка мамлекеттердин жарандары Орусияга киргенде, келгенге чейин 72 сааттан кем эмес убакытта тапшырылган ПЦР-тестинин жыйынтыктарын «COVIDсиз саякаттоо» тиркемеси аркылуу көрсөтүшү керек болот. Эгерде сизде вакцинациялангандыгы жөнүндө (12 айга жарактуу) же коронавирус болуп ооругандыгы жөнүндө (6 айга жарактуу) электрондук сертификат болсо, анда мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр үчүн ПЦР-тест талап кылынбайт.