Перс булуңундагы өлкөлөрдөн жана Европадан келген 150 блогердин Кыргызстанга болгон маалыматтык-таанышуу сапары аяктады. Бул тууралуу туризм департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, сапардын жүрүшүндө блогерлер Кыргызстанга биринчи жолу келгендеги таасирин бөлүшүп, өлкөнүн кооздугуна суктанышып, дагы бир жолу келүүнү пландап жатышканын айтышкан.
Келген коноктор, алгач Ала-Арча улуттук паркына барышып, ал жактан кыргыз маданияты, улуттук тамак-аш, суусундуктар менен таанышып, андан ары ат минип сейилдешкен. Ошондой эле көк бөрү, эр эңиш, кыз куумай оюндары көрсөтүлүп, Чолпон-Ата шаарындагы Рух-Ордо этно комплексинде бийчилер жана ырчылар өз өнөрлөрүн тартуулашканын көрүүгө болот.