Кыргызстандын куткаруучулары Түркияда издөө-куткаруу иштерин баштады (сүрөт)

Кыргызстандын куткаруучулары Кахраманмараш шаарында Түркиянын Ички иштер министрлигине караштуу Табигый кырсыктар жана өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын берген тапшырмаларына ылайык, жер титирөөдөн урап түшкөн урандылардын астында калган адамдарды издөө-куткаруу жумуштарын аткарышууда. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Учурда куткаруучулар 67 адамдан туруп, курамында фельдшер, психолог, издөө-куткаруу иштерин аткарууга кинологдор бар.