Кыргызстандын Олимпиада курамасынын формасы сынга кабылды

Бүгүн, 13-июлда Кыргызстандын Олимпиада курамасы Министрлер кабинетинин төрагасы менен жолугушуусу болуп, анда Улукбек Марипов кураманын капитаны Атабек Азисбековго Кыргызстандын туусун тапшырды. Жолугушууга спортчулар олимпиадалык формасын кийип келишкен. Ал форма соицалдык тармактарда кызуу талкууга алынды.

Социалдык тармактын колдонуучулары спортчулар кийген кийим 2016-жылкы формадан айырмаланбай калгандыгын жана спортчулар чапан кийип баргандан көрө кыргыз орнаменти же Кыргызстандын желеги түшүрүлгөн спорттук кийим кийишсе болмок деген пикирлерди айтышты. Улуттук олимпиада комитетинин маалыматы боюнча, форма кыргыз улуттук жана япониялык элементтер менен айкалыштырылып жасалган. Башына ак калпак кийишет. Бир спортчуга даярдалган кийимдин наркы 95 миң сом болду. Аны «Дилбар» мода үйү тиккен, алар буга чейинки эки Олимпиадага барган спортчулардын расмий формасын тигип берген.

Кыргызстандын Улуттук Олимпиада комитетинин башкы катчысы Саламат Эргешов «Форманы тигүүгө бюджеттин эсебинен каражат кеткен эмес. Улуттук Олимпиада комитети өзү демөөрчү болгон” деп билдирди.