Кыргызстандын Түркиядагы элчиси уурдалган Орхан Инанды менен жолугушууга ниеттенүүдө

Кечээ, 6-июлда Кыргызстандын Түркиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркиянын Тышкы иштер министринин орун басары, консулдук маселелерди тейлеген Явуз Селим Кыран менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.

Маалыматка караганда, жолугушуунун жүрүшүндө элчи Түркиянын Тышкы иштер министрлигине Кыргыз жараны Орхан Инандынын жүргөн жери жөнүндө маалымат берүү жана консулдук кызматкердин ага кирүүсүнө мүмкүнчүлүк берүү өтүнүчү менен элчилик нота жиберилгенин жарыялады.

«Министрдин орун басары Явуз Кыран Түркиянын Тышкы иштер министрлиги кыргыз тараптын өтүнүчүн Түркиянын Юстиция министрлигине жөнөтөт деп ишендирди. Ошол эле учурда, ал Орхан Инанды Түркиянын жараны экендигин жана анын жүргөн жери жөнүндө маалыматы жок экендигин белгиледи», — деп айтылат маалыматта.