Кыргызстанга «AstraZeneca» вакцинасы алып келинди

Кыргызстанга коронавируска каршы «AstraZeneca» вакцинасы алып келинди. Бул тууралуу Евробиримдиктин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн соцтармактагы баракчасында жазылды.

Польша Европа Биримдигинин (ЕБ) жарандык колдоо механизминин алкагында вакцинанын 55 миң 200 дозасын берди.