«Кыргызстанга барам десем, апам ыйлаган. Быйыл келип, Ооганстан эмес турбайбы деп таң калды» дейт англиялык жигит

Самуэль Григгс — англиялык жигит. Кыргызстанда жашап жаткан 3 жыл аралыгында кыргыз тилинде суудай сүйлөп, комузда кол ойнотуп, дастанды келиштире аткарганга үйрөнгөн. Кыргыз тилин жоготпой, өнүктүрүүгө чакырган Самуэль мырза SuperTV‘га маек берди.

«Кыргызстанга биринчи жолу 2012-жылы келерде апама айтсам, «барба» деп ыйлап жиберди. Европада өлкөнүн аталышында «стан» деген мүчө болсо, дароо эле Ооганстанды элестетишип, же согуш болуп жаткан, туруксуз мамлекет деп ойлошот. Быйыл август айында апамды Кыргызстанга ала келдим. Саякат кылып келсин дедим. Бир жума жүрдү. Ал келип Ооганстан эмес экен деп таң калды. Соң-Көлдө досум бар, анын боз үйүндө эки күн жаттык, апам толтура эт тартып, сый-урмат көрсөттү. Кыргызстанга келип кеткенден кийин анын ою толук өзгөрдү», — деди ал.