Кыргызстанга AstraZeneca вакцинасынын биринчи партиясы келди

Кыргызстанга COVAX механизми алкагында коронавирус инфекциясына каршы 226 миң 560 доза AstraZeneca вакцинасынын биринчи партиясы келди. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова жүктү кабыл алуу учурунда өнүктүрүү боюнча өнөктөштөргө жана COVAX механизмине катышкан өлкөлөрдүн Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө өлкөгө акысыз көрсөтүлгөн көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан бардык процедуралардан өткөндөн кийин, 2020-жылдын сентябрь айында 190 өлкө мүчөсү катары камтылган COVAX платформасынын мүчөсү болду. Европа биримдигиндеги өлкөлөрдө AstraZeneca вакцинасын болжол менен 49 млн адам алган, ал эми Кыргызстанда бүгүнкү күндө AstraZeneca вакцинасын 1285 адам алган.

Жылдыз Бакашова эл аралык өнөктөштөр менен жалпы максаттарга жетишүү үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мындан аркы тыгыз кызматташтыкка даяр экендигин билдирди.

COVAX механизми COVID-19 каршы вакциналарга бирдей жана акыйкат жеткиликтүүлүгүн камсыздоону колдоого алат, бул пандемияны токтотуунун маанилүү шарттарынан болуп саналат деп белгиледи Кыргызстандагы БУУ тутумунун туруктуу координатору Озонниа Ожиело. «COVAX глобалдык демилгесинин бөлүгү катары саналган ЮНИСЕФ жана ДСУ, ошондой эле өнүктүрүү боюнча башка өнөктөштөрдүн биргелешкен күч-аракетине жараша, биз Кыргыз Республикасынын Өкмөтүн өлкөгө вакцина жеткирүү ишинде колдой алдык. Эми ар бири туура чечим кабыл алуусу керек: вакцинация кылуу менен биз жакындарыбыздын өмүрүн сактап жана COVID-19дан коргоп калууга жардам беребиз», – деди ал.

Европа биримдигинин Өкүлчүлүгүнүн башчысы Эдуард Ауэр белгилегендей, COVAX механизми аркылуу берилген вакциналар өлкөдө жүрүп жаткан вакцинация кампаниясына олуттуу көмөк көрсөтөт.