Кыргызстанга эртең «Модерна» вакцинасы алып келинет

Кыргызстанга эртең, 25-ноябрда «Модерна» вакцинасы келет. Бул тууралуу Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова «Биринчи радионун» түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, COVAX механизми аркылуу 115 миң доза жеткирилет. Ал кошумчалагандай, вакцина бардык аймактарга жеткиликтүү болот.

Учурда өлкөдө Pfizer, Sinopharm, SinoVac, QazVac, «Спутник Лайт» вакциналары бар. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, республика боюнча 1 миллион 81 миң 986 кыргызстандык, экинчи дозасы менен 864 миң 456 адам эмдөөдөн өткөн.