Кыргызстан коронавируска каршы «AstraZeneca» вакцинасын алат. Алгачкы 504 миң доза март айынын башында келет. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Алымкадыр Бейшеналиев бүгүнкү Жогорку Кеңеште маалымат берип жатып билдирди.
Ошондой эле жыйында министр учурда өкмөт бул вирустун жаңы штаммына каршы турууга аракет кылып жатат деп билдирди.
«Биз COVAX программасына кирип, кечээ күнү кайсы вакцина келерин тактап алдык. «AstraZeneca» деген вакцина марттын башында 504 миң доза келе турган болду», — деп айтты Бейшеналиев.