Кыргызстанга Кытайдан кезектеги гуманитардык жүк келди (сүрөт, видео)

Бүгүн, 13-сентябрда Кытайдан жеке коргонуу каражаттарынан турган дагы бир гуманитардык жүк «Манас» эл аралык аэропортуна келип түштү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, жүк Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономиялуу району тарабынан кыргыз-кытай стратегиялык өнөктөштүгүнүн алкагында кыргыз элине COVID-19 коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдө колдоо көрсөтүү максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата берилген.

Бир жолку 3 миллион даана медициналык бет кап​​, 100 миң даана N95 медициналык бет кап жана 20 миң комплект коргоочу костюмдардан турган гуманитардык жардамды саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов тосуп алган. Ал Кытай көрсөткөн жардамдын маанилүүлүгүн баса белгилеп: “Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн жана Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин атынан боордош кытай элине республикабыздын аймагында коронавирустук инфекциясынын жайылышы жана анын кесепеттери менен күрөшүүдө көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылыгымды билдирем. Мен бул жеке коргонуу каражаттары медициналык кызматкерлердин жана коомчулуктун арасында COVID-19нын жайылышын азайтууга жардам берет деп ишенем», — деди.