Курманкул Зулушев: «Президент ага карата айтылган сөздөргө силер киришпегиле деген»

Президенттин ар-намысына шек келтирген сөздөр айтылып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 20-апрелде башкы прокурор Курманкул Зулушев билдирди.

«УКМК тарабынан бизге тынбай укугун коргоңуздар деп каттар келип жатат. Бул боюнча президент менен сүйлөштүм. Бул киши ушундай бир да билдирүүгө эч качан киришпегиле, биздин мамлекет демократиялуу өлкө, ким каалаганын айтсын коомчулук өзү таразалап алат деди. Биз ошол үчүн бир да коргоо иштерин жүргүзгөн жокпуз»,- деди ал.

Бүгүн Жогорку Кеңештин эки комитетинин биргелешкен жыйынында башкы прокурор отчёт берди. Анын отчету комитет тарабынан жактырылып, Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлдү.