Бишкекте бассейндер текшерүүгө алынууда

Бишкек шаарынын Ленин районунда сууга байланыштуу кырсыктардын алдын алуу үчүн түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти.

Сууга түшүү сезонунун башталышына байланыштуу Ленин РИИБ, Бишкек мэриясы, ӨКМ, билим берүү борборунун кызматкерлери бассейндерди кыдырып, администрация, жарандар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Бассейнге келген балдар ар дайым коштоп келген улуулардын, бассейн администрациясынын кызматкерлеринин көзөмөлүндө болуусу керектиги, аларды кароосуз калтырбоо зарылдыгы эскертилди.