Бишкектеги күркөдө жашаган балдар SOS-айылына жеткирилди. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.
Октябрь районунда 4 балалуу бир үй-бүлө катталган. Алар 4 жашы жете элек баласы менен көчөдөгү күркөдө жашашкан. Ал жерде балдарды багууга шарт жок болгон. «ӨКМдин өлкөдө аномалдуу суук күтүлүп жатканын угуп, Октябрь РИИБдин кызматкерлери менен биргеликте жерине барышкан. Бирок үй-бүлө башчысы каршы болуп, аны РИИБге жеткирүүгө туура келген. Апасы менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, SOS-Балдар айылынын базасында балдары бар аялдар үчүн убактылуу жашоочу кризистик борбордо балдар менен убактылуу жашоо сунушталды. Апасы менен балдары SOS-Балдар айылындагы балалуу аялдардын кризистик убактылуу борборуна жеткирилди», — дешти.