Кытай «Эркечтам» жана «Торугарт» аркылуу өткөн автотранспорттун санын жогорулатууга даяр

Кытай «Эркечтам» жана «Торугарт» аркылуу өткөн автотранспорттун санын эртең, 3-декабрдан тарта жогорулатууга даяр. Кечээ премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиковдун Кытайдын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Ду Дэвэнь менен кезектеги жолугушуусу болуп өттү.

Элчи белгилегендей, кыргыз тараптын бир нече ирет кайрылуусуна ылайык, ошондой эле Новиков менен 25-ноябрдагы жолугушуусунан соң, «Эркечтам» жана «Торугарт» аркылуу өткөрүүнү жогорулатуу боюнча бир катар кеңешмелер өткөрүлгөн. Алардын жыйынтыгы боюнча кытай тарапка иш убактысын 12 саатка жогорулатуу, көзөмөл-өткөрүү пунктун дем алышка карабай, күн сайын иштөөгө өткөрүү сунушталган. Автотранспорттун санынын көбөйүшү суткасына 30 машинаны түзүшү ыктымал.

Жыйынтыгында Новиков Бажы кызматына, УКМКнын Чек ара кызматына көзөмөл-өткөрүү пункттарынын ишин кытай тарап менен биргелешип иштөө режимине өткөрүү тапшырмасын берди.