Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушу башталды

Бүгүн, 27-декабрда өлкө башчысы Садыр Жапаров Жалал-Абадда темир жолдун курулушуна старт берди.

Темир жол Кашкардан башталып, Торугарт ашуусунан өтүп, Жалал-Абадга келип, Өзбекстандын Анжиян шаарынан бүтөт. Жалпы узундугу 523 чакырым, анын 305 чакырымы Кыргызстандан өтөт. Жалпысынан 27 тоннель, 46 көпүрө курулат. Казарман тоннели эң узун болуп, узундугу 13 чакырымга жетмекчи.