Кытайда карылар үйүндө өрт чыгып 20 киши каза болду (видео)

Кытайдын түндүгүндөгү Хэбэй провинциясында карылар үйүндө чыккан өрттөн жыйырма адам каза болгонун жергиликтүү бийлик билдирди.

Өрт кечээ, 8-апрелде кечки саат 21:00 чамасында чыккан. Кырсык болгон учурда имаратта 39 жашоочу болгон.

Өрт саат 23:00 чамасында толук өчүрүлгөн. Шаршемби күнү таңкы саат үчкө карата 20 адамдын каза болгону тастыкталды. Калган 19 адам ооруканага медициналык көзөмөлгө алынган.

Учурда карылар үйүнүн жооптуу адамы полициянын көзөмөлүнө алынды. Кырсыктын себептерин иликтөө уланууда.