Кытайдын Кыргызстандагы элчилиги соода-экономикалык кызматташуу боюнча иштерди активдүү калыбына келтирүүдө. Бул тууралуу 23-мартта Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь маалымат жыйында билдирди.
«Биз пандемияга чейинки мезгилдеги кабыл алуу режимин калыбына келтирдик: дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү биз визага арыздарды кабыл алабыз. Бул жетишпей жатканын байкадык. Ошондон кийин толук бир жума иштей баштадык. Бүгүнкү күндө биз жумасына 5 күн кабыл алып жатабыз», — деди элчи.
Анын айтымында, биринчи кезекте, пандемиядан кийин Кытай көзөмөл-өткөрүү пунктунун ишин жана аба кыймылын калыбына келтирүүгө аракет кылган. «Биздин элчиликтин тарыхында мындай нерсе болгон эмес. 3 күн же 2 күн болчу, бирок 5 күн тыныгуусуз кабыл алуу – бул биздин элчиликтин тарыхында биринчи жолу. Бул аракеттердин баары өз натыйжасын берди», — деп баса белгиледи элчиликтин башчысы.
Ведомствонун маалыматы боюнча, 2019-жылы айдоочулар үчүн 2500дөй виза берилсе, 2023-жылы 3 айдын ичинде эле 1400 виза берилген. «Товар жүгүртүү көбөйдү, биз моралдык жана физикалык жактан быйыл 5 миң айдоочулук виза берүүгө даярбыз», — деп кошумчалады элчи.