«Кыз-Бурак болуп калат». Депутат парламентте аялдардын квотасын кыскартууну сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Аманкул Токтомамбетов шайлоо мыйзамдары каралып жатканда аялдардын квотасын азайтуу керектигин айтты.

«Мен ар бир аялзатын сыйлайм, жада калса Чолпон-Атадагы келинчегим дагы «эмне болуп жатасың?» деп чалып жатат. Ар бир экинчи депутат аял болсо, анда парламент эмес эле, «Кыз-Бурак» ансамбли болуп калат. Ошондуктан ар бир төртүнчүсү аял болсун деген комитеттин чечимин калтыралы. Менин сунушум комитетте өткөн»,- деди ал.

Вице-спикер Аида Касымалиева: Ар бир экинчи эмес, ар бир үчүнчүгө күрөшүп жатабыз да. 

Депутат Айсулуу Мамашова эл өкүлүнүн айткандарына комментарий берди.

«Эгерде көбүрөөк айымдар келсе, парламент «Кыз-Бурак» эмес, натыйжалуу парламент болот. Анткени эгемендүүлүктү алгандан бери жалаң эркек президенттер болуп жатат. Бир жакшылык болдубу? Эмне болдук? Ынтымакка келе албай жатабыз. Мен сиздерди аябай сыйлайм. Бирок ошол эле учурда биякты да комедияга айлантпаңыз. Кыздар бул жерде ырдаган жери жок. Биз бул жерде иштеп жүрөбүз»,— деди ал.