«Кыздарымды сагындым, өзүм баккым келет» дейт Ошто эгиз кыздарын сабаган үчүн энелик укуктан ажыратылган келин

Буга чейин социалдык тармактарда «заара ушатасың» деп эгиз балдарын аёосуз сабаган делген эненин видеосу тараган. Окуя боюнча СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ош ОИИБден маалымат беришкен. Келиндин 21 жашта экени, анын камакка алынганы, ал эми кыздар атасына берилгени маалым болгон. Келин Акыйкатчыга өзүнүн оор тагдырын айтып берген. Анын айтымында, жарандык никедеги жолдошунун бир туугандары жана анын апасы ага психологиялык басым жасап келишкен. Ызаланган ал ачуусун эгиз кыздарынан чыгарып жүргөн.

13-февралда келиндин энелик укуктан ажыратылганы маалым болгон. Энелик укуктан ажыратылган 21 жаштагы келин Т-Медиага кайрылып, Садыр Жапаровго кайрылуу жасады.

«Мен президентке кайрылгым келет. Балдарымды өзүмө алып берүүсүнө жардам көрсөтүүсүн сурайм. Кыздарым өзүмдүн колумда, жанымда жүрүшүн каалайм, жардам бериңиздер. Ошол кезде өзүм катуу стресске түшүп калгам. Ачуу үстүндө уруп койгонмун. Мен кыздарыма жамандык каалабайм. Тарбиялуу болсун деп аябай ачуум келип жатканда уруп койгом. Бирок аларды аябай жакшы көрөм. Төрт ай бою көрбөдүм. Кандай болуп калганын билбейм. Өзүмдүн көз алдымда чоңойсо дейм. Мени жолдошум аябай урчу. «Апа» деп айтканыдарын сагындым. Кеч киргенде кийимдерин кучактап алып ыйлап отурам. Аябай жакшы көрөм. Экөөнү эч кимге бербей чоңойтком. Өзүм ата-энемден ажырагандай, алар да ажырабасын дейм», — деген келин.