Кызсайкал Кабылова: «Бекжан Темирхан каза болгон кырсыкта жабыркаган досу азыр кыйналып жатат»

10-ноябрь күнү «Ай, ай, эзилип бүттүм» деген ыр менен калың журтка таанылган ырчы Бекжан Темирхан жол кырсыгынан каза болгон. Жол кырсыгына күбө болгон маркумдун жакындары окуя кандай болгонун эскеришти.

«Негизи Бекжан Темирхан шашма болчу. Биз күнүнө 2-3 той алсак, ал көп той алчу жана ошого жетишчү. Артисттердин жумушу камерада кооз көрүнгөнү менен артында түйшүгү өтө оор», — деди ал.

Ал ошондой эле жол кырсык болгондон кийинки айдоочунун абалын айтып берди. «Талгар абдан карманып түшкөн экен. Арткы орундукка өтүп калыптыр. Абдан нес абалда болду. Ошондо адамдын ар кайсыны сүйлөп каларын билдим. Менин тоюм жөнүндө сурай баштады. Көрсө, баланын мээси чайкалып калыптыр. Кеминге алып бардык, ал жакта эч нерсе кыла алышпайт. Чүйгө которгула дедик. Дарыгерлер үйүнө чыгып кеткен деп маалымат берип коюшуптур. Азыр ал кыйналып, ага дарыгерлер эч кимди киргизбейбиз деп аткан учуру. Ошол ал бардык досуна чалып чыгыптыр. Унаасын саткан экен. Тойго барып келели дегенде баары жок дептир. Талгар макул болуп барган», — деди ал.