Кызыл-Белде ок атышуу башталды деген маалыматты Суваналиев төгүндөдү

«Кызыл-Бел» көзөмөл-өткөрүү пунктунда атышуу башталды деп тараган маалыматты Баткен облусунун башчысы Өмүрбек Суваналиев төгүндөдү.

Маалыматка караганда, Кызыл-Бел — Гулистон өткөрүү пунктунда тажик чек арачылары ок атуучу куралдан бир жолу ок чыгарышкан. Кыргыз чек арачылары ага жооп берген эмес. Суваналиевдин айтымында, учурда абал туруктуу. Ок атуу жок. «Бул ок атуудан кийин биз Тажикстандын УКМКсынын жана Чек ара аскерлеринин өкүлдөрү менен байланыштык. Бизге ок жаңылыштык менен атылганын айтышты жана кечирим сурашты», — деди ал.

Ал «тажик тарап гаубицалар менен чыкты» деген маалыматты да төгүндөдү.